Бишкекте аялын сабаган эркек киши кармалды. Бул тууралуу бүгүн, Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ, 19-сентябрда "102" кызматына шаардык клиникалык ооруканага денесинен жаракат алып, оор абалда М.Ы. аттуу жаран барганы боюнча билдирүү түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду.
Натыйжада шектүү катары жабырлануучунун күйөөсү 1971-жылы туулган Н.Н. милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери улантылып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.