Биз социалдык тармакта

Бишкекте аялына системалуу түрдө зордук-зомбулук көрсөтүп келген жаран кармалды

Бишкек шаарында аялын сабап, ден соолугуна залал келтирген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта Биринчи Май РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Милицияга 11-сентябрда аял киши кайрылган. Анда аны жолдошу сабап, денесине залал келтиргенин билдирип, чара көрүүнү өтүнгөн. Мындан тышкары милиция тарабынан бир нече жолу эскертүү берилип, иши райондук сотко жеткирилгендиги аныкталган. Бирок бул талаптарга карабастан ал үй-бүлөдөгү зомбулукту уланткан.
Арыздын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесине (Уруп-сабап кыйноо) ылайык кылмыш иши козголду. Натыйжада 1993-жылы туулган Э.А. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан