Чүй облусунун Сокулук районунун борбордук стадиону толук реконструкциядан өтүп, жакында пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Бүгүн, 20-сентябрда министр Нурдан Орунтаев стадиондун реконструкциясы жана спорт комплекстин курулуш иштери менен жеринде таанышты.
"Стадионду жаңылоо иштери 2024-жылы башталып, учурда 95 пайызга жакыны бүткөрүлдү. Жаңы спорт жайы заманбап талаптарга жооп берип, эл аралык стандарттардын негизинде курулууда. Долбоор боюнча стадион 2200 көрүүчүгө ылайыкталып, жалпы аянты 1,5 гектарды түзөт. Жакынкы күндөрү спорт сүйүүчүлөрү жаңы стадиондун эшигинен аттап, заманбап шартта оюн-зоокторго күбө боло алышат", - деп кошумчаланды маалыматта.