Бүгүн, 20-сентябрда Хорватиянын борбору Загреб шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда балбан Раззак Бейшекеев чейрек финалга чыкты. Ал 1/8 финалда кытайлык балбанды 4:1 эсебинде жеңип алды.
Кыргыз балбаны 67 килограммдык салмак ченинде күч сынашууда.
Бейшекеев чейрек финалда хорватиялык Доминик Этлингер аттуу балбан менен беттешет.