Бүгүн, 20-сентябрда Хорватиянын борбору Загреб шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда балбан Асан Жанышов чейрек финалга чыкты.
Ал грек-рим күрөшү боюнча 87 килограмм салмакта күч сынашууда.
Кыргыз балбаны 1/8 финалга чыгуу үчүн түркиялык Хасан Килинч менен кармашып, аны 6:5 эсебинде утуп алды. Ал эми чейрек финалга чыгуу үчүн азербайжандык балбан Ислам Аббасов менен кез келип, 4:3 эсебинде жеңишке жетти.