Биз социалдык тармакта

Асан Жанышов чейрек финалда ирандык балбанга жеңилип калды

Хорватияда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында кыргыз балбаны Асан Жанышов ирандык Алиреза Мохмадипианиге жеңилип калды.

Ал грек-рим күрөшү боюнча 87 килограмм салмакта күч сынашууда.

Кыргыз балбаны 1/8 финалга чыгуу үчүн түркиялык Хасан Килинч менен кармашып, аны 6:5 эсебинде утуп алды. Ал эми чейрек финалга чыгуу үчүн азербайжандык балбан Ислам Аббасов менен кез келип, 4:3 эсебинде жеңишке жетти.

Мохмадипиани финалга чыкса, Жанышовдо коло медалга күрөшүүгө мүмкүнчүлүк жаралат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан