Хорватияда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда балбан Раззак Бейшекеев жарым финалга чыкты. Кыргыз балбаны чейрек финалдагы беттешинде хорватиялык Доминик Этлингерди 10:0 эсебинде жеңип алды.
Ал грек-рим күрөшү боюнча 67 килограммдык салмак ченинде күч сынашууда.
Кыргыз балбаны алгач япониялык Кётаро Согабенини жеңип, 1/8 финалда кытайлык балбанды 4:1 эсебинде утту.
Бейшекеев жарым финалды азербайжандык Хасрат Жафаров менен өткөрөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:45те башталат.