Хорватияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча күрөшүп жаткан кыргыз балбаны Раззак Бейшекеев финалга чыга алган жок.
Ал башында япондун, кийин кытайдын жана Хорватия спортчусунун үстүнөн мөөнөтүнөн мурда жеңишке жеткен. Бирок жарым финалда Европанын чемпиону азербайжандык Хасрат Жафаровго 1:2 эсебинде утулуп калды.
Эми Бейшекеев эртең, 21-сентябрда коло медаль үчүн күрөшөт. Анын атаандашы азырынча аныктала элек.