Биз социалдык тармакта

Бишкекте экскаватордун айдоочусу жеңил унааны жабдыгы менен талкалап салды (видео)

Бишкекте жасалып жаткан жолдо экскаватор айдоочусу жеңил унааны жолду тороп алгандыгы үчүн жабдыгы менен талкалап салды. Окуя кечээ, 20-сентябрда саат 17:50 чамасында болгон. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматы билдирлди.

Калинин менен Мичурин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон окуядан жеңил унаа зыянга учураган, жабыркагандар жок.

Экскаватор айдоочусу 1997-жылы туулган А.У. жана жеңил унаанын айдоочусу Ю.Ю. милицияга жеткирилген. Жеңил унаанын ээси арыз жазуудан баш тарткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлүп, А.У. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция жолдо болгон бардык талаш-тартыштар мыйзам чегинде чечилиши керектигин эскертет.

Бишкекте экскаватордун айдоочусу жеңил унааны жабдыгы менен талкалап салды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2025-09-21 19:15:00
Видеого тарткан бала Кыргызча сүйлөсөң өлөсүңбү?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан