Биз социалдык тармакта

ӨКМдин куткаруучулары ооганстандык туристтерге жардам берди (видео)

ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун “Эдельвейс” тоо куткаруучулары Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркынан ооганстандык туристтерге жардам көрсөтүп, тоодон түшүрүштү.
Министрликтин маалымат борбору билдиргендей, чет элдик эс алуучулар 20-августта капчыгайдын шаркыратма тилкесине эс алууга чыгышкан. Алардын бири бутун кокустатып алып, “112” кызматына маалымат билдирди. Жардам берүүгө нөөмөттөгү 5 куткаруучу түнү менен чыгып, алгачкы медициналык жардамын көрсөтүшкөн. Учурда абалы канааттандырарлык.
Белгиленгендей, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Ала-Арча паркына куткаруучулардан нөөмөтчүлөр коюлган.
ӨКМдин куткаруучулары ооганстандык туристтерге жардам берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан