Бишкекте "Bishkek Snow Leopard Run 2025"  кайрымдуулук марафону өттү

Бүгүн, 21-сентябрда Бишкекте "Bishkek Snow Leopard Run 2025 empowered by Visa" аталышындагы эл аралык кайрымдуулук марафону өттү. Бул спорттук иш-чара Бишкекте алтынчы ирет уюштурулуп, салтка айланып калды. Иш-чараны Nomad Sport коомдук бирикмеси Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти менен биргеликте уюштурууда.

Катышуучулар 5, 14, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкта чуркашууда. Ал эми балдар үчүн атайын чуркоо уюштурулуп, анда 100, 300, 500 метр жана 1 чакырым аралык каралган. Марафондо 5 миңге жакын катышуучу болуп, анын 500ү 13 жашка чейинки балдар болду.

Super.kg порталынын журналисттери да аталган марафонго катышып, өз активдүүлүгүн көрсөтүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан