Чүй облусунун Беловодское айылындагы мүрзөлөрдүн биринде айдоочу жол тандабасын бейиттин үстүнө токтотуп койгон видео интернет желесинде тарап, кызуу талкуу жаратууда.
Видеодо айдоочу унаасын түз эле көрүстөнгө айдап кирип, бейиттин үстүнө токтотконун көрүүгө болот. Автор жеринде түшүндүрүү ишин жүргүзүүгө аракет кылган. Анда жарандар билбестиктен бул кадамга баргандыгын билдиришкен.
Окуянын чоо-жайы такталууда.