Биз социалдык тармакта

Бишкекте милициянын мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген мас абалдагы жигит кармалды

Бишкекте мас абалында милиция кызматкерлерин оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, баш бербеген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 20-сентябрда саат 01:00 чамасында 2002-жылы туулган А.Н. мас абалында милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, агрессивдүү кабыл алып, кызматкерлерге адепсиз сөздөрдү айтып, ээнбаштык менен мамиле жасап, ошондой эле кызматкерлер кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурда активдүү каршылык көрсөтүшкөн.
Аталган факт боюнча Укук бузуулар кодексинин 126-беренесине (Майда бейбаштык) ылайык протокол түзүлүп, соттун чечими чыкканга чейин райондук башкармалыктын убактылуу камерасына камакка алынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан