Бишкектеги №84 орто мектепте жардыруучу түзүлүш коюлганы тууралуу билдирүү түшүп, имарат милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды. Маалыматты калаанын Ленин райондук милициясынан тастыкташты.
Ага ылайык, бүгүн, 22-сентябрда саат 10:15те аталган мектепке бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Азыркы учурда издөө жана текшерүү иш-чаралары жүрүп жатат.
Кошумча маалымат берилет.