Биз социалдык тармакта

Бишкекте №39 мектеп-гимназия заманбап типте жаңыланууда (сүрөт)

Бишкек шаарынын 6-кичи районунда жайгашкан №39 мектеп-гимназиясы толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Учурда курулуш иштеринин 85 пайызы аяктап, жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү мерчемделүүдө.
Курулуш иштеринин жүрүшү менен курулуш министри Нурдан Орунтаев таанышып чыкты.
Министрлик кабарлагандай, 1200 орунга ылайыкташкан мектеп-гимназия үч кабаттуу окуу корпусунан, актовый зал, китепкана жана спорт залынан турат. Жаңылоо иштеринин алкагында имарат толук капиталдык оңдоодон өтүп, заманбап талаптарга ылайык жабдылууда. Жалпы аянты 6 580 чарчы метрди түзгөн мектеп-гимназиянын жылытуу, суу жана жарыктандыруу системдери толугу менен жаңыланды.
Мындан тышкары мектептин аймагындагы футбол, волейбол жана баскетбол талаалары эл аралык стандарттарга ылайык курулуп, чоңдор жана балдар үчүн атайын машыгуу аянтчалары да каралган.
Белгилей кетсек, мектептин биринчи корпусу 1961-жылы, экинчи корпусу 1984-жылы курулуп пайдаланууга берилген. Буга чейин билим уясында ири капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан