

Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айыл аймагындагы Кара-Сакал айылында “Ас-Сафа” фонду тарабынан 104 аз камсыз болгон үй-бүлөгө турак үйлөр курулуп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Социалдык шаарчанын курулушу 2024-жылы башталып, 2025-жылдын 18-сентябрь күнү пайдаланууга берилди.
Шаарчанын аймагында бала бакча, фельдшердик-акушердик пункт (ФАП), футбол аянтчасы жана тигүү цехи бар. Мындан тышкары, шаарчанын ичинде мектептин курулушу да башталды.
Иш-чарага Жогорку Кеңешинин депутаты Раимбачаева, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Солтонбекова, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Ташкулов, Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Исманов, араб өкүлдөрү жана социалдык шаарчанын тургундары катышты.