20-сентябрдан тарта Бишкек-Токмок-Бишкек каттамында Бишкек шаарынын муниципалдык автобустары убактылуу иштей баштады. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда мэриядан билдиришти.
Мекемеден билдиришкендей, бул убактылуу каттам болуп эсептелет.
Ал Токмоктон Бишкекке каттаган жүргүнчүлөрдүн санынын көбөйүшүнө, ошондой эле айрым жеке менчик коомдук транспорттордун убактылуу жоктугуна байланыштуу уюштурулду.