
Ош шаарынын мэриясы шаардын 3025 жылдыгына карата жана Кокон Хандыгынын мамлекеттик ишмери
Алымбек датка Асан бий уулунун 225 жылдыгына арналган "Алымбек датка Асан бий уулу" жөнүндө кыска метраждуу тарыхый видео-роликтерге сынак жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Сынактын максаты - кыргыз элинин XIX кылымдагы көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, дипломат жана айкөл инсан Алымбек датканын тарыхый мурасын жаш муундарга таанытуу. Анын эл-жер үчүн жасаган эрдигин, акылмандыгын, эл аралык мамилелерди жөнгө салуудагы саясий чеберчилигин көркөм жана даректүү ыкмада чагылдыруу. Тарыхый баалуулуктарды сактап, улуттук аң-сезимди жана мекенчилдикти чыңдоо. Жаштарды улуттук баатырлардын өмүр жолу аркылуу тарбиялоо жана патриоттук рухту көтөрүү.
Видео-роликте төмөнкүлөр камтылышы керек:
- Алымбек датканын өмүр баянын жана тарыхый ролун көрсөтүү;
- Тарыхый инсандын элге, мамлекетке кошкон салымын даңазалоо;
- Анын мамлекетти башкаруудагы акылмандыгын жана дипломатиялык өнөрүн көрсөтүү;
- Жаш муундарга тарыхый инсандын өрнөктүү өмүрүн үлгү кылуу;
- Элдин патриоттук рухун көтөрүү жана тарыхый мурастарды сактоого үндөө.
Ишке ашыруу форматы:
- Кыска метраждуу тарыхый видео-ролик;
- Узактыгы 3 мүнөт;
- Видеону документалдык, көркөм же аралаш формада тартууга уруксат;
- Сапаттуу сүрөт жана үн (4К же HD 1080рдан кем эмес);
- Креативдүүлүк;
- Жөн гана текст окуу эмес, көрүүчүнү тарткан ыкма болушу зарыл (кыска метраждуу тасма же сюжет, инфографика, хроника, драма элементтери ж.б.);
- Жеткирүү форматы: 4К, MP4, Full HD.
Сынакка катышуучулардын шарттары:
- Ар бир катышуучу бир гана видео-ролик тартууга укуктуу;
- Жаш курагы чектелбейт;
- Видео роликтин маанилүүлүгүнө, жана сапатына көңүл бурулат;
- Баардык көрүүчүлөргө жеткиликтүү болууга тийиш;
- Колдонулган музыка, сүрөт, видео кадрлар автордук укуктарды бузбоого тийиш.
Жеңүүчүлөрдүн видео-ролиги Ош шаарынын аймагындагы ЛЕД экрандарга жарыяланат.
- I орун - 100 000 сом;
- II орун - 70 000 сом;
- III орун - 50 000 сом;
- кызыктыруучу сыйлык (3 адамга) - 10 000 сомдон;
- Активдүү катышкан катышуучулар ыраазычылык баракча менен сыйланат.
Табыштамаларды кабыл алуу 20-сентябрдан 3-октябрга чейин Ош шаарынын маданият башкармалыгында болот. Дареги Ош шаары, Курманжан датка көчөсү 107, Ош шаардык маданият башкармалыгы.
Сурап билүү телефондору: (996 707 58 95 73).
Email: Oshculture@mail.ru
Табыштамаларды көрсөтүлгөн дарекке жеткирип же электрондук почта аркылуу жөнөтсөңүздөр болот. Кабыл алынуучу документтер: Күбөлүктүн же болбосо паспорттун көчүрмөсү, видео-роликтин аталышы жана байланыш номери.
Кароо-сынактын жеңүүчүлөрүн тандоо үчүн атайын комиссия түзүлөт.