Бүгүн, 22-сентябрдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Бактияр Калпаев аймактарда үй-бүлөлөргө жөлөкпул берүүдө көйгөйлөр болуп жатканын билдирди.
"Үйүңдө телевизоруң, кир жуугуч машинең бар экен, ата-энеңдин үйүндө жашайт экенсиң" деген шылтоолор менен жөлөкпул бербей келе жаткан учурларды көрүп жатабыз. Же болбосо, "күйөөң чет жакка чыгып кетиптир" деп бербей келишет. Ушуну бир тартипке салып берсеңиздер", - деди эл өкүлү.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Ализа Солтонбекова андай тартип жок экенин, үй-бүлөнүн кирешесине жараша эле жөлөк пул чегерилерин айтты.