Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 23-сентябрда Касымбеков көчөсүн кеңейтүү жана капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Ал жерде мэр жолду кеңейтүүгө тоскоол болгон курулуштарды жылдыруу менен алты тилкелүү, веложолу, тротуары, ирригациялык лотоктору, жашыл аймагы менен кошо эл аралык талапка жооп берген жолду куруу зарылдыгын белгиледи.
Мэриянын маалыматына караганда, калаа башчысы жолдун курулушун белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды.