Биз социалдык тармакта

"Манас” аэропортунда реконструкция иштери кызуу жүрүүдө (видео)

“Манас” эл аралык аэропортунунун “Манас-1” бөлүгүндө аэробекет комплексин кеңейтүү жана заманбаптоо багытындагы ири реконструкция иштери уланып жатат. Курулуш иштери “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан көзөмөлдөнүүдө.
Белгилей кетсек, реконструкция иштери ушул жылдын июль айында башталган. Анын эскиздик долбоору Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыккан.
Бүгүнкү күндө аба майдандын батыш тарабындагы эстакаданын демонтаждоо иштери соңуна чыгып калды жана аэропорттун ичиндеги бийик шыптарды жасалгалоо, төшөлмө (стяжка) куюу жана экинчи кабатка гранит таштарды төшөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле эстакадада желдетүүчү түтүктөрдү орнотуу уланууда.
Реконструкция иштери аяктагандан кийин, “Манас” эл аралык аэропорту жүргүнчүлөрдү кабыл алуу, тейлөө жана коопсуздук жаатында эл аралык талаптарга жооп берген жаңы деңгээлге көтөрүлөт.
"Манас” аэропортунда реконструкция иштери кызуу жүрүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан