
2025-жылдын 1-сентябрына карата "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган 49 510 үй-бүлө электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен төлөдү. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдан тартып 16 жашка чейинки балдары бар жана "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алып жаткан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүлүп келе жатат. Мындай колдоо өлкө башчысынын 2021-жылдын 6-декабрындагы №546 "Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясынын төлөмүн төмөндөтүү аркылуу колдоо чаралары жөнүндө" жарлыгынын негизинде жүргүзүлүүдө.
Аталган жарлыкка ылайык:
- 2022-жылдан тартып айына 700 киловатт-саатка чейин электр энергиясын пайдаланган үй-бүлөлөр үчүн 1 киловатт-саат баасы 50 тыйын өлчөмүндө белгиленген;
- 2024-жылдын май айынан тартып тариф жаңыланып, 55,4 тыйын өлчөмүндө болуп белгиленген.
Эмгек министрлигинин аймактык башкармалыктары "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алуучулардын жаңыланган тизмесин ар ай сайын Энергетика министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө жөнөтүп, жарандарды жеңилдетилген тариф менен камсыздоону камсыз кылышууда.
2025-жылдын 1-сентябрына карата "үй-бүлөгө көмөк" жөлөкпулун алган 53 680 үй-бүлөнүн ичинен 49 510 үй-бүлө электр энергиясын жеңилдетилген тариф менен төлөп, бул жалпы алуучулардын 92,2 пайызын түздү.
Айрым үй-бүлөлөрдүн жеңилдик ала албай калышынын негизги себептери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- арендалык батирлерде өзүнчө эсептик эсептеринин жоктугу;
- дачаларда жашаган жарандардын турак жайына тиешелүү укук тастыктоочу документтердин (кызыл китептин) жоктугу;
- өндүрүштүк жайларда убактылуу жашоо;
- электр энергиясы жетпеген шарттарда жашоо (кашараларда, жаңы салынган, бирок электр тармагына кошула элек үйлөрдө же энергокомпаниялар менен келишим жок болгон учурларда).