Бүгүн, 23-сентябрда Ош шаарындагы Терешкова атындагы мектепте Мамлекеттик тил күнү белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Салтанат Аманова, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары, окуу жайлардын жана мектептердин жамааты катышты.
Саамалыкта мамлекеттик тилдин маанилүүлүгү белгиленип, акыркы учурда бул багытта жүргүзүлгөн алгылыктуу иштер айтылды. Ошондой эле кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошкон мугалимдер жана билим берүү мекемелери Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.
Иш-чара улуттук кийим, тамак-аш жарманкеси жана сүрөт көргөзмөсү менен коштолду.