Кечээ, 22-сентябрдан тарта Бишкектеги Фучик көчөсүнүн Дэн Сяопин проспектисинен Аска-Таш конушуна чейинки бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындан улам төмөнкү каттамдардын схемасы убактылуу өзгөртүлдү:
№120-М, № 133, № 161, № 173, № 185, № 13, № 35, № 153, № 243.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургунлдарынан жана конокторунан бул убактылуу ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылып, каттамдарды алдын ала пландаштырып, мүмкүн болушунча коомдук транспортту колдонууну өтүнөт.