Бишкекте үч унаа кагышты. Бул жол кырсыгы кечээ, 15-январда Жаш Гвардия-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 39 жаштагы Азаттын башкаруусундагы Фольксваген Гольф унаасы 31 жаштагы Гүлнуранын башкаруусундагы Мерседес Бенц унаасы менен сүзүшкөн. Андан соң Мерседес Бенц унаасы Хонда Фит унаасы менен кагышкан. Кырсык болгон жерден 18 жаштагы Хонда Фиттин айдоочусу жабыркап, ооруканага жеткирилген. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз борбору билдирди.