Бүгүн, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында "Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, үч окууда жактырылды.
Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев тааныштырды.
Мыйзамдын максаты ички иштер органдарынын кызматкерлерин суу транспорту жана экологиялык коопсуздук тармагындагы укук бузуулар боюнча иштерди кароо жана тиешелүү жаза чараларын колдонуу ыйгарым укуктары менен камсыз кылуу болуп саналат.