Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылыш аземине катышты

Бүгүн, 23-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаров АКШнын Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлады.

Дебаттар башталар алдында мамлекет башчысын БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тарабынан тосуп алуу аземи болуп өткөн.

Дебаттардын ачылышына дүйнөнүн 195 өлкөсүнүн мамлекет башчылары жана делегациялары катышууда. БУУнун Башкы Ассамблеясынын юбилейлик сессиясы "Жакшысы — биргелешип аракеттенүү" деген ураан менен ачылды. Бул маарекелик мезгил эл аралык тынчтыкты бекемдөө, туруктуу өнүгүү жана адам укуктарын илгерилетүү боюнча биргелешкен аракеттерди туюнтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан