Биз социалдык тармакта

Бишкекте түрк тилдүү элдердин адабият борбору ачылды

Бишкектеги Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында Түрк тилдүү элдердин адабият борборунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага маданият министри Мирбек Мамбеталиев, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекем Мустафа Кемаль Окем жана илимий , маданий чөйрөдөн өкүлдөр катышты.
Түрк тилдүү элдердин адабият борбору 2024-жылы Анкара шаарында өткөн Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынында кабыл алынган протоколдун, ошондой эле 2024-жылдын 6-ноябрында Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммитинин негизинде түзүлгөн иш-чаралар планынын алкагында түзүлдү.
Бул күн өлкөнүн Мамлекеттик тил күнүнө туш келип, кош майрам катары белгиленди. Адабият борбору түрк элдеринин тарыхын, маданиятын, адабиятын жана руханий мурастарын сактап, жайылтууга арналган. Ал студенттер, изилдөөчүлөр жана жалпы окурмандар үчүн ачык маалымат булагы болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан