Кара-Кулжада кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип, мамлекеттик кызматкерлер кармалышты. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл өкмөтүндө 2022-2023-жылдар аралыгында аткарган ишмердүүлүгүнө карата текшерүү жүргүзүлгөн. Анда аныкталган кемчиликтер боюнча райондук прокуратура тарабынан 13-август күнү Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголуп, РИИБ тарабынан ыкчам-тергөө амалдары башталган.