Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда "Улгайган жарандарга көңүл буруу жана камкордук" иш-чарасы башталды

Эмгек министрлиги 15-сентябрдан 15-октябрга чейин өтүүчү "Улгайган жарандарга көңүл буруу жана камкордук" урааны астында бир айлык башталганын кабарлады.
Маалыматка ылайык, иш-чара өкмөттүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 токтомунун алкагында өткөрүлүп, улуу муундун жашоо сапатын жогорулатууга, улгайган жарандардын кадыр-баркын сыйлоо жана камкордук салтын бекемдөөгө, ошондой эле коомчулуктун көңүлүн социалдык коргоо маселелерине бурууга багытталган.
Бир айлыктын алкагында өлкө боюнча социалдык, медициналык, укуктук иш-чаралар, маданий-агартуу жолугушуулары, өз ара жардам көрсөтүү акциялары, кайрымдуулук демилгелери уюштурулат.
Министрлик бардык жарандарды, коомдук бирикмелерди жана бизнес-структураларды бул иш-чарага активдүү катышууга жана улгайган жарандарга болгон көңүл буруу менен камкордукту айлык маалында гана эмес, күн сайын көрсөтүүгө чакырат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан