Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров Бишкек - Токмок автобус каттамынын санын көбөйтүүнү сунуштады. Мындай пикирин эл өкүлү парламенттин бүгүн, 24-сентябрдагы жыйынында айтты.
Эл өкүлү билдиргендей, күн сайын Токмок, Кара-Балта шаарларынан борборго миңдеген адамдар келип иштешет.
"Бишкек - Токмок каттамы чоң көйгөй болуп калды. Азыр Аламүдүн тараптан автобустарды жүргүзө баштады. Бирок "Дордойдон" дагы көп эл Токмокту көздөй барып, иштеп, кайра келишет. Саат 14:00-15:00дө акыркы каттам кетет. Бирок эл саат 18:00гө чейин иштешет экен. Жарандар буга дагы 1-2 каттам кошуп коюуну суранып жатышат",- деди депутат.