Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Кара-Суу шаарындагы башкармалыгы тарабынан курулуш объекттери текшерилүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында Кара-Суу районунун Талдык айылында курулуп жаткан туристик эс алуу борбору текшерилип, объект реестрге катталбагандыгы аныкталган. Курулуш иштери "Барселона групп" ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүп жатканы маалым болду.
Натыйжада Укук бузуулар жөнүндө кодекс боюнча 200 миң сом айып пул салынып, жазуу түрүндө эскертүү берилип, курулуш иштери токтотулду.