Жогорку Кеңештин бүгүн, 24-сентябрдагы жыйынында "Жарнама жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.
Жыйында мыйзам долбоорун социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымы Винера Раимбачаева тааныштырды.
Анын айтымында, "Жарнама жөнүндө" мыйзамдын 16-беренесине толуктоо киргизүү сунушталып жатат. Тагыраагы, тиешелүү адистик боюнча жогорку билими жөнүндө документи жок же тийиштүү кошумча кесиптик билими жөнүндө диплому жок адамдар тарабынан психологиялык кызмат көрсөтүүгө жарнама кылууга тыюу салуу каралууда.
Белгилей кетсек, мыйзамды депутаттар Марлен Маматалиев, Илимбек Кубанычбеков, Советбек Рустамбек улуу, Бакытбек Марипов демилгелеген.