Кыргызстандык спортчу Муртазали Магомедов UFC менен келишимди утуп алды

Кыргызстандык спортчу Муртазали Магомедов (10-0) UFC менен келишимди утуп алды. Бул тууралуу UFC уюму өзүнүн Instagram баракчасында билдирди.

Сайттын маалыматына ылайык, АКШнын Невада штатындагы Лас-Вегас шаарында Дана Уайттын Contender сериясынын турниринин жумасы өттү.

Муртазали Магомедов экинчи беттешинде мексикалык Брайан Цурхер менен (9:1) беттешти.

Кыргызстандык мушкер атаандашын биринчи раундда эле нокаут менен жеңип, 1 мүнөт 37 секундда жеңишке жетти.

Турнирдин жыйынтыгында UFC уюмунун президенти Дана Уайт Муртазали Магомедовду куттуктап, аны дүйнөнүн эң күчтүү лигасына чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан