Биз социалдык тармакта

10 жылдан бери Грузияда жашынып жүргөн кыргызстандык кармалып, өлкөгө алынып келди

Кыргызстандын А.Ж. аттуу жараны Грузиядан кармалып, өлкөгө алынып келди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, шектүү 10 жылдан бери Кыргызстандын укук коргоо органдарынан качып жүргөн. Ал оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган, анын ичинде баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү жана күнөөсүз адамдарды соттотуу үчүн далилдерди бурмалаган деп шектелүүдө.

Башкы прокуратура тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында эл аралык келишимдердин алкагында издөөдө жүргөн адамдарды экстрадициялоо боюнча активдүү иштер улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан