Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда "Өз ден соолугуңду текшер" аттуу мобилдик check-up модулу ишке киргизилди

Кыргызстанда оорулардын алдын алуу максатында "Өз ден соолугуңду текшер" аттуу санариптик check-up модулу сунушталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо минстрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, академик Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талантбек Сооронбаев бул модулду 29-сентябрда белгиленчү Дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата өткөн маалымат жыйынында тааныштырды.
Check-up модулу мамлекеттик "Түндүк" порталы аркылуу жеткиликтүү. Анын жардамы менен кыргызстандыктар өз саламаттыгына байланышкан тобокелчиликтерди баалап, инсульттун, гипертониянын, кант диабетинин жана башка оорулардын алдын алып, ошондой эле жашаган жери боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборуна онлайн жазыла алышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан