Биз социалдык тармакта

Аламүдүндө алдамчылыкка шектелип 34 жаштагы айым кармалды

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелип 34 жаштагы айым кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 12-сентябрда милицияга кайрылган 47 жаштагы киши 2023-жылдын 13-ноябрында 34 жаштагы жаран ишенимине кирип, жалпы суммасы 11 миңден ашык долларга куртка алып, акчасын бир апта ичинде кайтарып берүүнү убадалап, бирок милдеттенмесин аткарбай качып кеткенин айткан.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Тергөөдө шектүү былтыр март айында аты-жөнүн өзгөртүп алганы аныкталган. Натыйжада ал кармалып, камакка алынды.

Учурда шектүүнүн дагы ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан