Биз социалдык тармакта

Сокулукта 62 жаштагы аял алдамчылыкка шектелип кармалды

Сокулук районунда алдамчылыкка шек саналып 62 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-апрелде милицияга 61 жаштагы жаран кайрылып, шектүү анын Маловодное айылындагы үйүн саттырып, үйдүн акчасын алып, из жашырып кеткенин айткан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөөдө жабырлануучу жалпы 4 миллион 678 миң сомдон ашык зыян тартканы аныкталган. Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан