Биз социалдык тармакта

Ташиев дагы бир көп балалуу үй-бүлөгө үч бөлмөлүү үйдүн ачкычын тапшырды

Бүгүн, 24-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев он балалуу үй-бүлөгө үч бөлмөлүү үйдүн ачкычын тапшырды.

Буга чейин 10 баланын апасы Аксана Ташматова жардам сурап кайрылган. Ал жолдошунун тапканы тамак-ашына гана жетерин, үй-бүлө көп жылдар бою батирди ижарага алууга аргасыз болгонун түшүндүрдү.

Камчыбек Ташиев анын өтүнүчүн аткарып, балдарга баалуу белектер менен бирге жаңы үйдүн ачкычын тапшырды. Үй-бүлөсүнө чың ден соолук, жаркын келечек каалады. Ал эми үй бүлө генералга колдоо көрсөтүп, алардын оор абалына кам көргөнү үчүн ыраазычылык билдиришти.

Ушул эле күнү Ташиев 7 балалуу жалгыз бой энеге да батирдин ачкычын берген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asyl27
2025-09-24 18:35:00
Ушул сыяктуу жардамдар мамлекеттик бюджеттин кайсы булактарынан келип чыгып жатат. Жана бул жардамдар боюнча Өкмөттүк токтом барбы.
0
Azat-123
2025-09-25 01:08:00
Asyl27 Мамлекеттин бюджетине Раим Миллионго окшогон жегичтердин сындырылган булактарынан келип чыгып жатат, азаматсыз Камчыбек Кыдыршаевич, бүт эски жегичтерди кустуруп сындырыңыз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан