Бүгүн, 24-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өткөргөн жыйында 24 мамлекеттик кызматкер жемкорлукка айыпталып кармалды.
Атайын кызматтын башчысы аларга бир нече жолу эскертүү бергенин билдирип, аты аталгандарды жыйындан түз эле суракка алып кетүүнү буйруду.
"Өзүңөрдөн көргүлө, уктуңарбы? Мен силерге айткан болчумун. Ташиевдин айтканы эсинен чыгып калды окшойт деп ойлодуңар да. Биз 3-4 айдан бери мунун үстүнөн иштеп жатканбыз. Унаалар барбы, спецназдар даярбы? Анда могуларды чыгарып кеткиле!" - деди ал.
Айта кесек, Салык кызматынын 7, Чек ара кызматынын 6, Айыл чарба министрлигинин 7 жана Транспорт министрлигинин 4 кызматкери Чүйдөгү көзөмөл-өткөрмө жайларындагы коррупция боюнча шектелүүдө.