Бүгүн, 24-сентябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев көп улуттуу №57 Тажиматов атындагы мектепке барды.
Аталган мектепте негизинен өзбек, тажик улутундагы окуучулар билим алышат. Анда Токторбаев кыргызча ыр айтып берген кызга планшет белек кылууну убадалады. Муну уккан окуучу көзүнө жаш алды.
"Мен азыр акчасын берем, эртең сага планшет алып келип беришет", - деди мэр.