Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы социалдык тармактарда жол эрежесин бузган унаалардын тартылган видеосу тараган факт боюнча чара көрүлгөнүн билдирди.
Башкармалык той кортежинин айрым айдоочулары жол эрежесин одоно бузуп, башка жол кыймылынын катышуучуларына олуттуу тоскоолдук жараткан учурлар аныкталганын белгиледи. Натыйжада айдоочуларга мыйзам чегинде тиешелүү чаралар колдонулуп, протоколдор түзүлгөн.
Бирок башкармалык окуя каякта катталганын тактаган жок.