Кыргызстанда бүгүн, 25-сентябрь саат 07:10до очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Ага ылайык, жер силкинүүнүн очогу Таш-Кыя айылынан түндүк-чыгышты карай 7 чакырым, Кадамжай айылынан түндүктү карай 8 чакырым, Кызыл-Кыя шаарынан түштүк-батышты карай 38 чакырым, Баткен шаарынан түндүк-чыгышты карай 80 чакырым аралыкта жайгашкан.
Жер титирөө Таш-Кыя айылында 2 баллга чейин сезилди.