Тарыхый жеңиш! Кыргызстандын футзал боюнча курамасы Азия кубогуна түз жолдомо алды

Кыргызстандын футзал боюнча ултуттук курама командасы Өзбекстанды жеңип, 2026-жылкы Азия кубогуна түз жолдомо алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Жыйынтыктоочу беттеш кечээ, 24-сентябрда биримдиктин спорт комплексинде орун алды. Анда Кыргызстандын улуттук командасы өзбекстандыктарды 3:2 эсебинде жеңди.
Голдордун авторлору: Максат Алимов (14-мүнөттө), Самат Жанат уулу (22-мүнөттө), Кайрат Кубанычов (25-мүнөттө). Курама команда 9 упай менен турнирдик жадыбалдын биринчи орунунан Азия Кубогуна түз жолдомону камсыздады. Буга чейин курама Чыгыш Тиморго каршы болгон беттеште 9:1, Палестинага каршы беттеште 2:1 эсебинде жеңишке жеткен.
Маалымат үнүн: 2026-жылкы Азия кубогуна катышкан командалар 8 тайпага бөлүнгөн. Испаниялык адис Луис Бернат Молинанын жетекчилиги алдындагы Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы "F" тайпасында орун алган. Финалдык баскычка тайпаларда биринчи орунду ээлеген 8 команда, экинчи орунду ээлеген 7 мыкты команда жана турнирдин ээси жолдомо алат. Жалпы турнирге континенттин 16 командасы катышат. Азия Кубогунун финалдык баскычы 2026-жылдын 27 январь - 8 февраль күндөрүндө Индонезияда өтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан