Ош шаарынын Жапалак айылында жаңы спорттук комплекстин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттен каржыланууда. Объекттин наркы 82 миллион сомду түзөт.
Башкы план боюнча эки кабаттуу "А", "Б" блоктон турган комплекс курулат. Анда заманбап талаптарга жооп берген машыктыруучу иш бөлмөсү, спорт, күрөш жана кошумча машыгуу залдары каралат.
Объекттин курулуш-монтаждоо иштери "Байсал Курулуш" ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.