Кечээ, 24-сентябрда соцтармакта Ош шаарынын Раимбеков жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде кыздардын өз ара жаңжалдашып жаткан видеосу тараган.
Ош милициясы бул окуя 24-сентябрь күнү болгонун билдирди. Окуя Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн маалыматтардын электрондук журналына катталып, тиешелүү текшерүү иштери башталган. Окуяга тиешеси бар тараптар милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Жабырлануучу 2009-жылы туулган, Оштогу окуу жайлардын биринин студенти Р.А. жана ага кол көтөрүшкөн бир туугандар 2008-жылы туулган, эч жерде окубаган, иштебеген К.М., анын сиңдиси Оштогу мектептердин биринин окуучусу 2012-жылы туулган К.А., анын курбусу, 9-класстын окуучусу Т.А.
Жабырлануучу жана шектүүлөр бири-бирин таанышпайт, адегенде Каныкей эстелигинин алдында топ ойноп жатышып чырдаша кетишкен. Андан соң жабырлануучу түштүк тарапка карай басып кеткен. Ошол учурда эки кыз (бир туугандар) жана курбусу артынан келишип ур-токмокко алышкан.
Учурда жабырлануучунун жашы жете элек экендигин эске алып, анын мыйзамдуу өкүлдөрү, ата-энеси Кара-Кулжа районунун Алайкуу аймагынан тергөөгө чакырылган. Алардын арыздарына жараша тергөө кызматы иш алып барат.