Бишкектеги Келечек конушунан Үмүт конушуна чейин №24 автобус каттамы ишке кирди
Бүгүн, 25-сентябрдан тартып Бишкектеги Келечек конушун Үмүт конушу менен байланыштыра турган жаңы №24 автобус каттамы ишке киргизилди. Автобустар Элебесов, Киев, Бейшеналиева жана Фрунзе көчөлөрү аркылуу жүрөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул багытта буга чейин №224 маршрут каттап келген. Эми алардын ордуна заманбап шаардык автобустар каттамга чыгышат.
Калаа мэриясы төлөм жүргүзүүдө "Тулпар" картасын колдонуп же болбосо накталай эмес төлөм менен колдонууга чакырат.