Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Кара-Дөбө айылындагы 225 орундуу жаңы мектеп быйыл пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, наркы 75,9 миллион сомду түздү. Азыркы тапта курулуш-монтаждоо иштери акыркы этабына жетти.
Жалпы аянты 1546 чарчы метрди түзгөн имарат эки кабаттуу окуу корпусунан, өтмө галереядан жана спорт залынан турат. Курулуш иштери "Сапат Стандарт" ЖЧКсы тарабынан аткарылып, объект заманбап талаптарга жооп берет.
Эске салсак, эски мектептин имараты 1964-жылдары курулуп пайдаланууга берилген.