Биз социалдык тармакта

Жээнбек Кулубаев Кыргыз-Америка ишкерлер кеңешинин тегерек столуна катышты

Бүгүн, 25-сентябрда Нью-Йорк шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргыз-Америка ишкерлер кеңешинин мүчөлөрү менен биргеликте өткөрүлгөн тегерек столго катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, тегерек стол Кыргызстандын америкалык компаниялар менен кызматташтыгын бекемдөө максатында өткөрүлдү.
Жыйындын жүрүшүндө министр өлкөдө жүргүзүлүп жаткан экономикалык өсүштү камсыздоого жана ишкерлик климатты жакшыртууга багытталган реформалар тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле ал өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун бардык баскычтарында ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатканын баса белгиледи.
Кулубаев Кыргызстан америкалык инвесторлорго жагымдуу шарттарды сунуштоого даяр экенин айтып, артыкчылыктуу багыттарды: гидроэнергетика, тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарбасы, транспортту белгиледи. Министр ошондой эле өлкөнүн медицина, туризм жана IT тармагындагы олуттуу потенциалын баса белгилеп, алдыңкы Батыш технологияларын тартууга кызыкдар экенин билдирди.
Жыйындын соңунда ТИМ башысы Борбордук Азия өлкөлөрү туруктуу өнүгүүнү жана коопсуздукту камсыздоо боюнча макулдашылган саясат жүргүзүп, аймактык долбоорлорду жигердүү алга жылдырып жатканын белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан