Акжол Махмудов, Абдулрашид Садулаев, Заур Угуев баштаган күчтүү балбандар Москвада килемге чыгышат

Профессионалдык күрөш лигасынын (PWL) кезектеги онунчу ирет өткөрүлүүчү ири турнири 8-ноябрда Москва шаарындагы "Динамо" волейбол аренасында өтөт. Бул салттуу мелдеш быйыл да дүйнөлүк деңгээлдеги балбандарды чогулта тургандыгын уюштуруучулар билдирди.

Турнирдин алкагында 10 эң мыкты беттеш өткөрүлөт, анда эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча дүйнөлүк лидерлер күч сынашат.

Мыктылардын катарында беттеш өткөрөрүн эки жолку Олимпиада чемпиону Абдулрашид Садулаев (Орусия), Олимпиада чемпиону Заур Угуев (Орусия) жана эки жолку Олимпиада байге ээси Акжол Махмудов (Кыргызстан) буга чейин эле тастыкташкан. Алардын атаандаштары азырынча расмий жарыялана элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан